00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Интернет боюнча Казакстан менен жаңы келишим түзүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВ России вступает в силу новый антипиратский закон
В России вступает в силу новый антипиратский закон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык операторлор менен сүйлөшүү улантылып жатат. Кыргызстандын Байланыш операторлорунун ассоциациясы маалымдагандай, коңшу өлкөлүк өнөктөштөр интернеттин орточо баасын 15 долларга чейин төмөндөткөн. Бирок муну менен бирге жаңы талаптар да коюлду.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Казакстандык операторлор Кыргызстандын интернет провайдерлери менен секундасына бир мегабит интернет үчүн 15 долларлык тариф белгиленген келишимге кол койду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов билдирди.

Анын айтымында, казакстандык операторлор бааны төмөндөткөнү менен бир катар талаптарды да койгон.

"Казак тарап Кыргызстан интернет-трафик сатып алууга болгон бюджетти азайтпоо шарты менен бааны төмөндөттү. Мисалы, эгер буга чейин секундасына 5 мегабит үчүн 100 доллар жумшаса, эми жаңы баага ылайык, бюджеттин баарын пайдалануу үчүн интернетти көбүрөөк көлөмдө сатып алышы керек", — деди Абасканов.

Ал мындай талап кыргызстандык интернет компаниялардын кирешесин азайтпай турганын кошумчалады.

"Эч нерсе өзгөрбөйт. Провайдерлер мурдагыдай эле каражат жумшап, пайда табат. Операторлор интернетти көбүрөөк көлөмдө сатып алып, кыргызстандыктар үчүн ылдамдыкты жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн шарттайт", — деди жетекчи.

Абасканов жаңы келишимге бардык эле компаниялар кол койбогонун белгиледи.

"Интернет жеткирүүчүлөр менен эки компания келише алган жок: алар мурдагыдай эле бир мегабит үчүн 30 доллардан төлөп жатышат", — деди ал. 

Жетекчи түзүлгөн кырдаалда провайдерлердин баары казак операторлор менен жеке шарт-талаптардын негизинде иштей турганын белгиледи. Бул сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратып келет.

Депутат VI созыва ЖК Жанарбек Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: интернеттин баасы боюнча комиссия түзөлү
"Мисалы, буга чейин 1 мегабитти 26 доллардан сатып алгандар азыр 15 доллардан алып, жаңы келишимге ыраазы болуп жатышат. Ал эми мурун 10 доллардан төлөп, азыр ошол эле көлөмдү 15 доллардан сатып алып калгандар, албетте, нааразы", — деп сөзүн жыйынтыктады Абасканов.

Августтун башында Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак өнөктөштөрдөн транзиттин 3-4 эсеге кымбаттай турганы тууралуу маалымат алышкан. Ошондон бери КР компаниялары казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0