"Дүйнө сулуусу-2016" бүткүл дүйнөлүк сулуулук сынагынын сайтына кыргызстандык Перизат Расулбек кызынын саламдашкан видео жазуусу чыкты.
АКШда өтө турган беделдүү "Дүйнө сулуусу-2016" сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Перизат Расулбек кызы чыгат. Ал бул сынакка катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагын жеңгенден кийин алган.
"Саламдашуу жана өзүн тааныштыруу видео жазуусун тартуу иштери Кыргызстандын төрт облусунда өткөн. Өлкөнүн кооздугун көрсөтүү үчүн атайын кооз жерлер тандалып алынган", — дейт моделдик долбоорлор компаниясынын мүдүрү Таттыбүбү Самидин кызы.
Видеодо сынактын катышуучусу өлкөнүн кооздугу, киндик кан тамган жери, сүйүктүү шаары, хоббиси жана жогорку окуу жайы тууралуу айтып берген.
Бьюти мелдеш 110дон ашык өлкөдөн келген сулуулардын катышуусунда 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.