Эртең өлкөдө жылуу аба ырайы сакталат

© Sputnik / Табылды КадырбековПлощадь Борцов революции в городе Бишкек
Площадь Борцов революции в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-ноя.— Sputnik. Шаршембиде өлкө боюнча жылуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. 

Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек менен Ошто күндүн табы 12-15 градус жылуу болуп, күн ачык болушу күтүлөт. Калган аймактарда да жаан жаабайт", — деп жазылат маалыматта. 

Кыргызгидромет сапарга чыккандарга ашууларда жана кооптуу жерлерде автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоонун зарылдыгын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0