БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев журналисттерди маалымат жана басма сөз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Куттуктоодо журналисттер коомдук пикир жаратаары айтылып, аны менен катар эле чоң жоопкерчилик бар экени жазылат.
"Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Орто Азиядагы алдыңкы өлкөлөргө кирет. Андыктан ушактан алыс болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө чогуу салым кошолу", — деп жазылат маалыматта.
Өлкө башчысы журналисттерге чын ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайт.