БИШКЕК, 3-ноя.— Sputnik. Бир нече күн жылуу болуп турган аба ырайы 4-ноябрда кескин өзгөрүп, жамгыр жаап, карга айланат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы шашылыш билдирүү таратты.
"4-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат", — деп билдирген аталган министрлик Кыргызгидрометтин маалыматына таянып.
Эртең, 4-ноябрда күндүз жылуулук Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 1…6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. 5-ноябрда нөлдөн төмөн түшөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —3… —8 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болот.
Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн —13…-18, күндүз —3…-8 градус суук түшөт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —20…-25, күндүз —5…-10 градус суук болушу күтүлөт.
Кыргызгидромет тоолуу аймактардын жолдорунда, ашууларда күрткү пайда болуп, жолдор тоңорун, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетерин кабарлаган.
ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатарын эскертет.
Адамдарды зыянга учуратпоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 1-ноябрында ӨКМдин телефонограммасы тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.