БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Манас" аэропортунда бомба бар деп жалган маалымат айткан киши окуядан жапа чекендердин чыгымын төлөп берсин. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Эскерте кетсек, "Манас" аэропортуна белгисиз жаран чалып, учактардын бирине бомба коюлгандыгын айткан. Мындан улам төрт авиакаттам токтотулуп, аталган жерге УКМК жана ИИМ кызматкерлери тартылып, бомбаны таба алышкан эмес.
"Окуядан бир канча адам жапа чекти. Мүмкүн болсо алардын чыгымдарын төлөп берсек. Албетте бюджеттен эмес. Жалган маалымат берген адамдан өндүрүш керек. Мыйзам боюнча айып 100 миң сом экен. Бирок ал чыгымдарды жабууга аздык кылышы мүмкүн. Негизи чыгымдар эсептелдиби?" — деп суроо салды Тулендыбаев.
Депутат ЖКдагы өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаевден аталган маселени карап чыгууну өтүндү.