00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Инвестиции или незаконный сбор вкладов: на что обратить внимание перед передачей денег.
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венгер–кыргыз өнүктүрүү фонду аймактагы ишкерлерге артыкчылык берет
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Пытки, домашнее насилие и права детей: о чём рассказала омбудсмен Кыргызстана
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Энергетики, сахар, железная дорога: семь вопросов о будущем экономики Кыргызстана
12:05
159 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сарпашев 11-декабрдагы референдум менен шайлоодо добуш берүүнүн тартибин түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архиввное фото
Первый вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архиввное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча шайлоого 45 күн калганда шайлоочулардын тизмеси илиниши керек.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Референдум алдында шайлоочулардын кошумча тизмеси түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Аталган суроону МКК жана БШК жетекчилерине "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов узатты. 

"Эки шайлоону бир күнгө алып чыгып жатабыз. Бюллетендер кандайча болот? Референдумга добуш берүүдө кошумча тизме болобу? Алар качан илинет?" — деп суроо салды Бабанов. 

Шайлоо участогундагы электронндук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңешине 13 партия ат салышат — "Замандаш" менен "Ата Мекен" баш тартты
Буга МКК жетекчиси Тайыр Сарпашев "Форма 2" деген кошумча тизме түзүлөрүн билдирди.

"Шайлоо участоктордо тийиштүү техника орнотулат, ичинде эки тизме болот. Шайлоочу келгенде автоматтык түрдө эки чек чыгат. Ошентип эки чек менен эки бюллетень алат. Ал эми референдумга шайлоочулар форма эки менен катыша алат. Бул кошумча тизме", — деди Сарпашев. 

Ал эми БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоочулардын тизмеси 27-октябрдан баштап илинип турганын билдирди. 

"Мыйзам боюнча шайлоого 45 күн калганда шайлоочулардын тизмеси илиниши керек. Ошондуктан 27-октябрда эле тизмелер илинип, тактоо жумуштары жүрүп жатат. 20 күн калганда бюллетендин тексти аныкталып, 10 күн калганда басып чыгарылат. Ал эми үч күн калганда участокторго жеткирилет", — деди Шайлдабекова. 

Эл өкүлү Бабанов тизме түзүүдө так болууга чакырып, шайлоону таза өткөрүү керектигин баса белгиледи.

Референдумдан кийин ЖК тарайбы? Депутат менен эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0