БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда референдумду өткөрүү датасын 2016-жылдын 11-декабрына белгилөө сунушталган.
Эске салсак, 2016-жылдын 11-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы мыйзам долбоору боюнча оӊ корутунду чыгарган. Ага ылайык, мыйзам долбоору демократиялуу укуктук мамлекеттин ынанымдарына каршы келбейт.