00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Страны ШОС до сих пор плохо знают друг друга — эксперт о барьерах для инвестиций
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү индустрияга салыктык жеңилдиктер кандай максатта берилип жатат?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кайберен, мектепке жөнөгөн кемпир, генералдар парады

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыз, жакшы жатып жай турдуңузбу, мекендеш? Ошентип бүгүн аптанын үчүнчү күнү.

Бүгүн күн чубактасак болчудай. Бишкекте күн 25 градуска чейин жылыйт, ал эми калган аймактарда күн ачык болот деп билдирди Кыргызгидромет. 

Ар кыл, ар кандай милиция. Кечээ милициялар майрамдады, майрамдын эртеси да болду. А бүгүн биз каарман кызыл шапкечендерди эстеп коюну эп көрдүк. Арасында капотко жөргөмүшчө жабышканы, жолдон төрөт кабыл алганы, кылмышкерлерди кылтакка түшүргөндөрү бар.

И баса, милиция демекчи, эгемендүүлүк жылдарында Ички иштер министрлигин башкарып келген генералдардын жүзүн көрөм десениз, бул жакка кириңиз.

Өкмөттүн бул эмнеси? Кайберендерди атууга толук тыюу салбаш керек дейт го. 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорго каршы экендиги белгилүү болду.

Камдашып келе жаткан ажырым. Кыргыз-өзбек чек арасынын 49 тилкеси боюнча позициялар макулдашылды. Албетте, жакшы кабар. Антпесе, эки эл эч жакка көчүп кетпегенден кийин, ынтымакта жашоодон өтөрү жок. Биздикилер эми Өзбекстанга "өтүп барат" экен. 

Айласыз үй-бүлө, аргасыз абал. Бишкектен алыс эмес жерде төбөсү түшө турган үйдө учурда айласыздан эки үй-бүлө күн кечирүүдө. Энемдин үстүнө үй кылып берем, кара жанын карч уруп иштеп жүргөн уулу эки бөйрөгүн илдетке алдырган

Газ кымбаттады. Бул айда көгүлтүр оттун баасы жарандар үчүн 13 тыйынга, ишканалар үчүн 15 тыйынга кымбаттады

Тукумсуздук кооптуулугу. Эмне үчүн офисте иштегендер тукумсуз болуп калуу коркунучу тууралуу ойлонушу керек? Бул тууралуу билгиңиз келсе, уролог-андролог Нурлан Эгетаевдин маегин окусаңыз болот.

Ааламда. Австралияда жашаган 70 жаштагы кемпир Жоан Оливер мектепке барууну чечип, 12-класска көчүү үчүн экзамендерге даярдана баштады. Байбиче мындан 50 жылдык кыялын ишке ашыруу үчүн билимге умтулуп жатыптыр. Андыктан ыкшоолоно бербегиле… кээ бирөөлөр. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.75 (сатып алуу) жана 68.89 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 34.50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Билеги күчүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат 

Күнүбүз куунак өтүшүн каалап, урматым менен, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0