БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. ИИМдин мамлекеттик атайылаштырылган күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын унаасы кырсыкка кабылганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя дүйшөмбү күнү кечке маал Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон. Мында Daewoo Nexia менен Nissan Maxima унаалары кагышкан.
Учурда милициянын бир кызматкери ооруканага жаткырылды. Экинчи машинадан эч ким жабыркаган эмес. Кырсыктын чоо-жайы азырынча белгисиз, учурда бул боюнча иликтөө башталды.