БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Ош шаарында "Сема" лицейинин бүтүрүүчүсү Алмаз Шарабидинов окуу жайга жатакана куруп бергенин "Себат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Имараттын ачылышына катышкан ЖК депутаттары мектептеги билим жана ийгиликтердин жыйынтыгы мамлекеттин келечектеги интеллектуалдык потенциалын түзөрүн белгилеп, окуучуларга ийгилик каалашты.
Жатакананын төрт кабаттуу имараты 60 бөлмөдөн, 30 жуунуучу жайдан, эки ашканадан жана бир чоң эс алуу бөлмөсүнөн турат. Жаңы имарат 400 окуучуну кабыл алууга даяр.