БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Эртең, 31-октябрь күнү Кыргызстанда жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Бишкек менен Ош шаарларынада түнкүсүн 4…6 градус, ал эми күндүз 10…12 градус жылуу болот. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок болушу күтүлүүдө.