Дарыгер Шорохова: Баткен облусу боюнча үч миңге жакын бейтап диабетке чалдыккан
Анын айтымында, тогуз айдын ичинде облус боюнча жалпы 2900гө жакын диабетке чалдыккан бейтаптар катталган.
"Бүгүн 170ге чукул бейтап текшерүүдөн өттү. Акциянын негизги максаты диабет оорусун алдын алуу болуп эсептелет", — деп билдирди Шорохова.
Дарыгер белгилегендей бейтаптарга дары-дармек каражаттары таркатылган.