Эрнис Осмонбаев: окуучунун асынып калышы боюнча кылмыш иш козголду
Асынып калган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековдин ата-энесинин арызынын негизинде Сузак РИИБи кылмыш ишин козгогонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
"Кылмыш иши каза болгон окуучу баланын ата-энесинин арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси "Бейбашчылык" боюнча кылмыш иши козголду", — деди Осмонбаев.
Ал ошондой эле тергөө амалдары жүрүп, сот-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады.
Эскертсек, 23-октябрда мектеп окуучусу Сузак районунун Сымкат айылындагы үйүндө асынып калган. Маркумдун туугандары аны айылдашы кордоп уруп, 10 миң сом менен пневматикалык куралдук уурдадың деп моюнга алдырууга аракет кылганын айтышууда.