Гүлжамал Жороева: ырчы менен мушташты делген вице-мэрдин үстүнөн иликтөө башталды
Белгилүү ырчы Темир Назаров менен мушташты делген Ош шаарынын вице-мэринин үстүнөн кызматтык териштирүү башталганын Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева билдирди.
Анын айтымында, маалыматты тактоо боюнча мэр бир катар тапшырмаларды берген.
"Учурда окуя боюнча Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн кызматтык иликтөө иштери башталды", — деди Жороева.
Ош шаардык милициясы мушташты делген кишилердин эч кимисинен арыз келип түшпөгөнүн айтты. Ал ортодо ырчы Назаров вице-мэр Кадыров менен мушташпагынын билдирген эле.