Темир Назаров: мушташка атымдын аралашып кеткенине таң калып жатам

Жазылуу
Социалдык тармактардын колдонуучулары жана бир катар ЖМКлар ырчы Темир Назаров менен Ош шаарынын вице-мэринин мушташканын жазышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ырчы Темир Назаров мушташ тууралуу маалыматка аты аралашып кеткенине таң калып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Гүлжамал Жороева: ырчы менен мушташты делген вице-мэрдин үстүнөн иликтөө башталды
Ырчы Назаров менен Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров калаадагы кафелердин биринде мушташып кеткенин социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

"Бардыгы тынч, бардыгы жакшы. Эч кандай окуя болгон эмес. Атымдын бул маалыматта аталып калышына таң калып жатам. Көрө албаган эле кишилердин чыгарганы окшойт", — деди ырчы.

Ош шаардык милициясы мушташты делген кишилердин эч кимисинен арыз келип түшпөгөнүн айтты. Ал эми Ош шаар мэриясынын маалымат кызматы бул маалымат боюнча билдирүү даярдалып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0