БИШКЕК, 18-окт. —Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарынын айрым бөлүгүндө газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абаддын Некрасов, Лермонтов, Мельничная көчөлөрүндө көгүлтүр от берүү токтотулат.
Ишкана мындай кадам газ куурларындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалып жатканын кошумчалады.