БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө иш сапары менен келген Принц Карим Ага Хан IV менен жолугуп, ага "Данакер" орденин ыйгарганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, канзаадага аталган сыйлык коомдук ишмердиги жана Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн берилди.
"Колдооӊуз жана активдүү коомдук ишиӊиз үчүн, Кыргызстандын айыл чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгыӊыз үчүн сизге бүт Кыргызстан элинин атынан ыраазылык айтам", — деди Атамбаев.
Өз кезегинде Ага Хан IV жылуу кабыл алып жана жогорку мамлекеттик сыйлык тапшыргандыгы үчүн президент Атамбаевге алкыш билдирди.
Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев менен Принц Карим Ага Хан IV Кыргызстан менен Ага Хан уюмунун ортосундагы кызматташтыктын маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдү талкуулады.