БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Түркмөнстандын межлиси (парламент) өлкө лидерин шайлоону 2017-жылдын 12-февралына дайындаганын жергиликтүү ЖМКлар билдирди.
Тийиштүү токтомду бешинчи чакырылыштагы парламент 16-жыйынында кабыл алган.
Маалыматтарга ылайык, президенттик шайлоого саясий үч партия катышат. Алар: Түркмөнстандын Демократиялык партиясы, Өнөр-жайчылар менен ишкерлердин партиясы жана Агрардык партия.
Түркмөнстанда акыркы президенттик шайлоо 2012-жылы февралда өткөн. 2016-жылы парламент жаңы Конституция кабыл алган, анда президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган. Ошондой эле 70 жашка чейин деген жаштык ченем да алынып салган.