Бишкекте аралаш мушташ боюнча мелдеш өтсө, Рио-де-Жанейродо Carnival’s Queen of the Samba 2017 фестивалы үчүн хан менен ханышаны тандап алышты.
Таиландда өлкөнү узак жылдар бою башкарып келген король Пхумипхону Адулъядету 89 жашында көз жумса, президент Алмазбек Атамбаев Грузияга иш сапар менен барып, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн курман болгондордун эстелигине гүл койду.
Кыргызстандын футболчулары өмүрүндө биринчи жолу түркмөн атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип күйөрмандарына кубаныч тартууласа, Россиянын "Зенит" баскетболдук клубу Германиянын "Бавария" командасы менен беттешти.
Алтайда ат оюндары боюнча республикалык турнир өтсө, Түштүк Судандагы наристелер тамак-аштын жетишсиздигинен жабыр тартып жатканы белгилүү болду.

Бишкекте дүйшөмбү күнү Кыргызстандагы аралаш мушташ боюнча федерациянын ачылыш аземи өттү. Анын алкагында алты беттеш уюштурулуп, Кыргызстан, Тажикстан, Ингушетия, Азербайжан жана Тажикстандын мушкерлери катышты. Кыргызстандыктар үч беттеште жеңишке жетишти. Кеченин башкы мушташы деп эсептелген беттеште кыргызстандык Нурбек Исмаилов азербайжандык Наби Мамадовдон күчтүүлүк кылып кетти

Москванын ВДНХсында өткөн II эл аралык православдык студенттик форумдун мейманы. Мында 20дай ири ЖОЖ менен 30 инновациялык компаниянын стенддери тартууланып, форумдун жүрүшүндө 200 саат лекция окулду

"Зенит" баскетболдук командасынын колдоочулары

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары киргизилген топко кубанып жатышат. Бул КР командасынын Түркмөнстан менен болгон үчүнчү жолугушуусу. Буга чейин түркмөн оюнчулары утуп келген

РФ Улуттук гвардиясынын жоокери чабуулдун мизин кайтаруу операциясынын машыгуу учурунда

Таиланддын жашоочулары король Пхумипхону Адулъядеттин каза болушунан улам аза күтүп жатышат. Өлкөдө аза күтүү жарыяланды. Пхумипхону Адулъядет Таиландды 1946-жылдан бери башкарып, дүйнө жүзү боюнча такта эң узак отурган монарх болуп калды. Аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнө КР президенти Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы көңүл айткан

КР президенти Алмазбек Атамбаев Грузиянын бүтүндүгү үчүн каза болгон баатырлардын мемориалына гүл койду. 12-13-октябрда өлкө башчысы Грузияда расмий иш сапары менен болду

Ирактагы шиит мусулмандары Ашура күнүн белгилешти. Уламыштар боюнча дал ушул күнү Мухаммед пайгамдардын тукуму Хусейн өлтүрүлгөн. Бул аза күтүү иш чарасында жүрүш уюштурулат, анын катышуучулары бычак, кылыч менен денесин кескилешет

Түштүк Судандагы "Чек арасыз дарыгерлер" клиникасындагы ачкалыктан жабыркаган он бир айлык бала. Бул өлкөдө беш жашка чейинки эки миллион бала жетиштүү тамак ичпейт

Түштүк Осетияда Беслан — Владикавказ кан жолунда ири жол кырсыгы катталды. Москва — Ереван багыты боюнча бараткан автобус менен жүк ташуучу унаа кагышты. 5 киши каза болуп, 25 киши түрдүү жаракаттарды алган

Алтай республикасынан Ондугай районунда "Кер-Кеч" байгесине болгон көк-бөрү боюнча улуттук оюндардын биринчи республикалык мелдештин катышуучулары

Модель YASYA MINOCHKINA жаңы коллекциясындагы жаңы кийимдерди Москвада өткөн Mercedes-Benz Fashion Week Russia мода жумалыгында көрсөтүп жатат. Анда Россия, Грузия, Украина жана башка мамлекеттерден келген 70ден ашык дизайнерлердин эмгектери көрсөтүлдү

Токиодо "Мисс Интернешнл" конкурсу өттү. Сүрөттө "Мисс Интернешнл" сынагынын учурдагы жеңүүчүсү венесуэлалык Эдимар Мартинес

Рио-де-Жанейродо Carnival’s Queen of the Samba 2017 конкурсу өтүп, анда боло турчу карнавалдын ханы менен ханышасы тандалды

Лондондо "тирилген өлүктөрдүн" Zombie Walk жүрүшү өттү

АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллары Клинтон республикачы атаандашы Дональд Трампты Сент-Луисте болгон теледебатта утуп алды

4-октябрда Гаитинин түштүк-чыгышын "Мэтью" бороону каптады. Алдын ала эсептөөлөр боюнча андан каза болгондордун саны 473 кишиге жетти

12 жаштагы Касандра Кейт атасынын гробунун жанында ыйлап жатат. Манила, Филиппиндер. Бул мамлекетте баңгизатка каршы катаал кампания жүрүүдө. 30-июнда өлкөнүн президенти болуп келген Родриго Дутерде баңгизатка карата чукул аракеттерди көрөрүнө сөз берген. Ал жетекчи болуп келген бир ай ичинде баңгизатка катыштышы бар делген 3,5 миң киши өлтүрүлгөн

Лиссабондун (Португалия) Campo Pequeno аренасындагы болгон коррида учурундагы матадор

Сан-Паулудагы (Бразилия) балдардын ооруканасынын терезелерин комикстеги каармандардын кийим кийгендер жууп жатат

Британиялык окуучулар ханзада Уильям менен Кембридж герцогиниясы падышанын үй-бүлө мүчөлөрүн көрсөтүп жатышат. Манчестар, Улуу Британия
