Кыргызстанда ММА Федерациясынын ачылышына арналып өткөн турнирдеги башкы беттеште Наби Мамадовду Нурбек Исмаилов утуп, жеңишке ээ болду.
Жаңы ачылган федерацияны спорт дүйнөсүндө "Борода" деген ат менен белгилүү Жамал-Адам Яндиев жетектеп баштады.
Федерация ачылышынын урматына уюштурулган спорттук бул иш-чарада ММА боюнча алты беттеш болду.
Беттешке Кыргызстандын, Тажикстандын, Азербайжандын, Ингушетиянын жана Дагестандын спортчулары катышты.
Спорттук бул салтанат аяктагандан кийин Федерация башчысы Жамал-Адам Яндиев жубайы кыргызстандык Аиша Яндиевага элдин алдында бир кучак роза гүлүн тапшырды.
Коноктордун арасында "Бригада" сериалындагы актер Александр Иншаков болду.
Ал эми бул иш-чарага чакырылган россиялык рэпер Джиган жана Лигалайз бир нече чыгармаларын аткарды.