БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Рафик Мамбеталиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мамбеталиев бул кызматта 2015-жылы 1-июлунан тарта иштеп келген.
Аталган кызматтын жетекчисинин милдетин аткаруу төраганын орун басары Сейитбек Эрматовго жүктөлдү.