БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда төрт күн мурда сууга агып кеткен эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Дөбө айылынын 66 жаштагы жашоочусу 9-октябрда Отуз-Адыр каналына агып кеткен.
Маркумдун сөөгү кечээ, 13-октябрда куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.