БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Эртең, 15-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте түнкүсүн —1…-3 градус суук болуп, күндүз 10…12 градуска чейин жылуу болот. Ош шаарында да жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 1…3 градус, күндүз 13…15 градус жылуу болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.