00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ОИИБ: Өзгөндөгү өмүрдү алган жол кырсыгына айдоочунун уктап кетиши себеп болгон

Жазылуу
Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүсү каза болуп калган. Ал эми айдоочу ооруканага баргандан кийин жан берген.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын аймагында адам өмүрүн алган жол кырсыгына Daewoo Nexia автоунаасынын айдоочусунун уктап кеткендиги себеп болгондугу айтылууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Ош ОИИБдин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

2016-жылдын 11-октябрында эртең менен Ош — Жалал-Абад жолунда, тагыраагы Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын аймагында Nexia жана Honda Odyssey эки автоунаасы кагылышкан. Анын кесепетинен эки адамдын өмүрү кыйылган. 

"Жүргүнчүлөр Daewoo Nexia автоунаасынын айдоочусу рулда бара жатып уктап кеткенин билдиришкен. Маалыматтарда, ал түнү менен уктабай келип, Россиядагы жүргүнчүлөрдү тосуп алып бара жатканда таңга маал көзү илинип кеткен деген версия айтылып жатат", — деди Ашырбаев.

Автожол кырсыгынан жалпысы жети адам жаракат алып, экөө тилекке каршы, каза болду.

"Патрулдук милиция окуя болгон жерге барганда Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүсү каза болуп калган. Ал эми айдоочусу ооруканага баргандан кийин жан берген", — деди облустук милициянын өкүлү.

Ал эми кырсыкка кабылгандардын ичинен беш адам Ош облусунун Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.

Ашырбаев жабырлангандардын аты-жөнү такталып, бул факты боюнча атайын тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

Бишкектеги эң көп жол кырсыктары катталган көчөлөрүн Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0