БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Футбол федерациясы улуттук курама командасынын жаңы жасалгаланган автобусун сунуштады. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба ФФКРФутбол федерациясы улуттук курама командасынын жаңы жасалгаланган автобусун сунуштады
1/2
© Фото / пресс-служба ФФКР
Футбол федерациясы улуттук курама командасынын жаңы жасалгаланган автобусун сунуштады
© Фото / пресс-служба ФФКРАвтобусту "Зенит" клубу үчүн корпоративдик стиль иштеп чыккан санкт-петербургдук компания жасалгалаган.
2/2
© Фото / пресс-служба ФФКР
Автобусту "Зенит" клубу үчүн корпоративдик стиль иштеп чыккан санкт-петербургдук компания жасалгалаган.
1/2
© Фото / пресс-служба ФФКР
Футбол федерациясы улуттук курама командасынын жаңы жасалгаланган автобусун сунуштады
2/2
© Фото / пресс-служба ФФКР
Автобусту "Зенит" клубу үчүн корпоративдик стиль иштеп чыккан санкт-петербургдук компания жасалгалаган.
Автобусту "Зенит" клубу үчүн корпоративдик стиль иштеп чыккан санкт-петербургдук компания жасалгалаган.
Автобустун эки капталына команданын тумары болгон ак шумкардын сүрөтү түшүрүлгөн. Федерация ак шумкар эркиндикти, аруулукту даңазалап, көз карандысыздыктын символу болуп эсептелерин белгиледи.
Сүрөттүн жалпы сары-кызыл түсү да жөн жерден тандалган эмес, мында КР желегинин өңү түшүрүлгөн. Анын астында Кыргызстандын белгилүү жерлеринин сүрөтү — Бурана, Сулайман-Тоо, Манастын эстелиги, Тарых музейи, куранттар, өчпөс от тартылган.
Аталган автобуска КР футболчулары бүгүн биринчи жолу түшүп, түркмөн оюнчулары менен беттеше турган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго барат.