БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда бензин ташыган MAN үлгүсүндөгү КамАз оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуя дүйшөмбү күнү саат 06.30да болгон. Анда КамАз жолдон чыгып кеткен.
"Жол кырсыгы Кара-Көл шаарында болгон. Окуядан айдоочу жеңил жаракат алып, 30 тонна бензин төгүлдү", — деп жазылат маалыматта.
Аталган аймакка ӨКМдин куткаруучулары келип, айдоочуга жардам көрсөтүлгөн.