БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Элдик курултай резолюция кабыл алуу менен аяктады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
![Элдик курултай резолюция кабыл алуу менен аяктады Элдик курултай резолюция кабыл алуу менен аяктады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102962/82/1029628264_0:235:6016:4016_600x0_80_0_0_f35297619b37c9477946701b4538eeb7.jpg)
![Эске сала кетсек, бүгүн, 8-октябрда орус драма театрында Өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси: Конституция жана референдум аталышындагы курултай өттү Эске сала кетсек, бүгүн, 8-октябрда орус драма театрында Өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси: Конституция жана референдум аталышындагы курултай өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102962/88/1029628850_0:235:6016:4016_600x0_80_0_0_5a66dd8158825e0c0e982f72ac2665cf.jpg)
![Курултайдын жүрүшүндө коноктор сөз сүйлөп, көпчүлүгү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экендиктерин айтышты Курултайдын жүрүшүндө коноктор сөз сүйлөп, көпчүлүгү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экендиктерин айтышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102962/85/1029628585_0:0:6016:3780_600x0_80_0_0_20dfa491c3cad92728b0d412e928ceee.jpg)
![Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотушу керек деген резолюция кабыл алынды Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотушу керек деген резолюция кабыл алынды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102962/87/1029628704_0:0:6016:3780_600x0_80_0_0_40ebfefbe937dbb9b69a928d39dbbfde.jpg)
![Курултайга 600дөн ашуун адам келди Курултайга 600дөн ашуун адам келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102962/84/1029628403_0:235:6015:4016_600x0_80_0_0_67f33709f70d9ddf772c2b029e313a5c.jpg)
Эске сала кетсек, бүгүн, 8-октябрда орус драма театрында "Өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси: Конституция жана референдум" аталышындагы курултай өттү.
"Канча адам келгенин так айта албайм. Драма театрынын ичи толду. Курултайдын жүрүшүндө коноктор сөз сүйлөп, көпчүлүгү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экендиктерин айтышты. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотушу керек деген резолюция кабыл алынды", — деди Шыкмаматов.
Ал эми окуяга көз салган кабарчыбыз курултайга 600дөн ашуун адам келгенин айтып, ага депуттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов менен Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков, Мавлян Аскарбеков, Азимбек Бекназаров сыяктуу активисттер келгенин кошумчалады.