00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бекбекей туурасында беш факты. "Тилинде сөөлү, тишинде мөөрү" барлар

© Sputnik / Табылды КадырбековСелкинчек ойноп жаткан жаштар, архивдик сүрөт
Селкинчек ойноп жаткан жаштар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ыр менен кыз-келиндер кыялын, тилегин, арманын, сүйүүсүн жана дем-күчүн айтып ырдашкан. Ал кылымдан кылымга өтүп, азыр маданий иш-чараларда аткарылган гана чыгармага айланды. Кыргыз фольклорундагы эмгек ырларынын бири туурасында Sputnik Кыргызстан беш фактыны сунуштайт.

Бекбекей — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы "Оп майда”, "Шырылдаң", "Тон чык" сыяктуу ырлардын бири. Биз сөз кыла турган бул ыр мал чарбачылыгынын негизинде келип чыккан.

Короо кайтарган кыз-келиндер. Бекбекей — адатта жайкысын короо кайтарганда ырдалган. Мал чарбачылыгы менен күн көргөн көчмөндүү турмушта койдун, жылкынын ролу өтө чоң болгон. Мурдагы заманда уурудан, бөрүдөн короону кайтаруу зарылдыгы турган. Короо кайтарган кыз-келиндер, жаш уландар жөн эле кыйкыра беришпестен, ошол көрүнүштөрдү, өзүлөрүнүн максаттарын ырдап түн күзөтүн көңүлдүү өткөрүүгө аракет кылышкан. Бара-бара короону ырдап күзөтүү салтка айланып кеткен.

"Укуругум долоно,
Ууру, бөрү жолобо,
Камчымдын сабы долоно,
Каапыр ууру жолобо" деген саптар бар.

Драматург, жазуучу Султан Раевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Раевдин "Жанжаза" романы жөнүндө 7 факты. Каркылдаган каргалар илхам берип…
Кооздук үчүн эмес, каймана мааниде жазылган. Айрым учурларда бул саптар жөнөкөй эле уйкаштык, кооздук үчүн алынгандай сезилет. Чындыгында бул уйкаштык үчүн алынбастан каймана мааниде экинчи саптын маанисин толуктап турат. Жогорку эле келтирген мисалдагы "Укуругум долоно", "Камчымдын сабы долоно" деген ыр саптары короо кайтарган адамдын куралдуу экенин, ууру, бөрүнү сабаса сынбай турганын айткансыйт. 

Ууру келсе уштайбыз,
Бетин айра муштайбыз.
Төбөгө чаап байлайбыз,
Төөгө тиркеп айдайбыз, — деп айтылат.

Обон коштогон кечтер. "Бекбекей" ырларынын мүнөзүнө карата обону да болгон. Обон аткарылган ырдын белгилүү саптарынан кийин созулуп, "бекбекей" жана "саксакай"деген сөздөр кайталанганда "Бек болсо у-у-у", "Саксакай а-а-а" деп аткарышкан. 

Бекбекей, саксакай у-у-у…
Бекбекей, саксакай а-а-а…
Саксакай о бек бол у-у-у…
Бек бол а-а-а…

О, бек бол уу-уу-айт, — деп созулуп, кыйкырык, эмоция менен аткарылган. Алгачкы убактарда короо кайтарган адамдар койду бек, сак кайтаруу жөнүндө бири-бирине билгизип, короонун ар кайсы четинде турган адамдар менен үн алышып турган.

Тилинде сөөлү барларды ойлоп табышкан. "Бекбекейди" айтуудагы негизги максат жалаң гана уктап калбоо үчүн болбостон, ошол ырды аткаруу менен койдун аман сакталышына таасир этүүгө мүмкүн деп ойлошкон.

Бекбекейди мен айтсам,
Берер бекен кудайым.
Саксакайды мен айтсам,
Сактар бекен кудайым, — деген саптарды кезиктирүүгө болот.

Комузчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кан кызыткан "Маш ботой". Күү тууралуу 7 факты
Ырдын, сөздүн күчү жөнүндөгү ишеним кыргыздарда байыртадан бери эле сакталып келатат. Айрыкча, шаманизм дини үстөмдүк кыла баштаганда акыркы чегине жеткен. Булар жөнүндө "тилинде сөөлү, тишинде мөөрү" бар адамдарды ойлоп табышкан. "Каргышы жетти", "тилинен тапты" деген түшүнүктөр да сөздүн күчүнө терең ишенгендиктен келип чыккан. Короо кайтарганда:

Түндү түндөй чуркаган
Түлкүнүн буту сөгүлсүн,
Түн уйкуну үч бөлгөн,
Көк чунак каны төгүлсүн

деген каргыш да илгери убакта сөздүн күчүнө ишенүүдөн калган. "Бекбекейде" мындай сөздөрдү колдонуу бара-бара салтка айланып кеткен.

Арманын айтып алган учурлар. "Бекбекейди" айтуучулар өздөрүнүн социалдык абалын айтып арман кылышкан. Ошондой эле сүйгөндөрүн эстеп, жүрөгүндөгү сүйүүсүн билгизген. "Бекбекей" композициялык түзүлүшү жагынан оозеки чыгармалардын башка жанрларынан айырмаланып турат. Адатта:

Ала байтал бекбекей,
Айкалышкан саксакай,
Кула байтал бекбекей,
Куюлушкан саксакай —

деп ырдын негизги идеясына чейин экспозициялык баяндама берилет. Маани жагынан алганда ар бир эки сап өзүнчө куплеттик мааниге ээ.

Материалды даярдоодо профессор, адабиятчы Сапарбек Закировдун кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгы боюнча эмгектери колдонулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0