Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн Жарандык авациянын 83 жылдыгы белгиленип жатат.
"Биринчи жолу Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск каттамы жасалган. Ошону менен авиация тарыхы башталган. Жарандык авициянын түптөлүшүнө биринчи учкучубуз Ишенбай Абдраимовдун салымы чоң… Учурда Кыргызстандагы авиакомпанияларды жалпысынан 13 аба кемеси болсо, жүргүнчүлөрдү ташып жаткандардын саны – 11. Ал эми бизден дүйнөнүн 25 шаарына учууга болот", — деди Өмүралиев.
Кыргызстандын алгачкы учак паркы У-2 үлгүсүндөгү айыл чарба учагынан турган. Ушул жылы эле Фрунзе аэродромуна У-2 үлгүсүндөгү учак 3500 метр бийиктикте Кыргыз тоолору жана Күңгөй тоо кыркалары аркылуу учуп келген.
Андан сырткары, Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск трассасы ачылып, Пишпек — Ташкент — Алма-Ата аба каттамы иштей баштаган.