БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгы калаа мектептерине эмерек сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда Билим берүү башкармалыгы эмерек сатып алуу үчүн 14 миллион 224 миң 880 сом сарптоого даяр.
Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 27-октябрда аяктайт.