Автоунаа, эмерек, баалуу белектер... Маморгандар эмне сатып алууга ашык?

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү"Премиум" классындагы автоунаа. Архивдик сүрөт
Премиум классындагы автоунаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Конституциялык палатасы баасы 2,4 миллион сомду чапчыган жеңил автоунаа сатып алууну каалаган. Тендер тууралуу маалымат жайылып кеткенден кийин конкурстук сунушту мамлекеттик сатып алуулар сайтынан алып салышкан. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мамлекеттик ири сатып алуулар боюнча башка тендерлерге көз салып көрдү.

Тендер боюнча ызы-чуулардан улам мамлекеттик органдардын кадыр-баркына көп эле жолу доо кеткен. Айрым саясатчылар кызматтан да кетүүгө аргасыз болгон (мисалы, премьер-министрлик кресло). Мындай кескин талкуу көбүнесе тендердин мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланышынан кийин пайда болуп келет.

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" үчүн 3,8 миллион сомдук эмерек

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын филиалы 3,8 миллион сомго кеңсе эмерегин сатып алууну пландаштырып жатат. Анын кресло менен отургучтарына 1,5 миллион сом жумшала турган болсо, шкафтарына 983 миң сом, ал эми жыйындар залы үчүн кресло-отургучтарга 250 миң сом сарпталат. 

© Фото / пресс-служба НЭСК"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын маалымат катчысы Элзада Саргашкаева
Руководитель пресс-службы ОАО НЭСК Эльзада Саргашкаева - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын маалымат катчысы Элзада Саргашкаева

Компаниянын маалымат катчысы Элзада Саргашкаеванын айтымында, жаңы эмерек Чүйдүн жогорку чыңалууда тармагы ишканасы тарабынан сатып алынып жатат. Аталган ишканада 750 киши иштеп, ал эми кеңсе эмереги подстанциялардын техникалык жамааты үчүн алынууда. Мындан тышкары, компания жаңы эмеректерди өз эсебинен алып жатканын кошумчалады.

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын ыңгайлуулугу үчүн 3 миллион сом

Өз кызматкерлеринин ыңгайлуу шартта иштеши үчүн Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы да аракет көрүүдө. Тендер билдирмесинде 3 миллион сомго кеңсе эмереги менен техника сатып алуу каралган. 

Башкармалыктын жетекчи орун басары Абдыжапар Жанболотов тендердин чоо-жайын айтып бере албаса да, эмеректин зарылдыгын баса белгиледи.

"Мен бул боюнча жакшы маалыматым жок экен, бирок эмеректин зарылдыгы талашсыз", — деди ал. 

Бажы кызматы 1,5 миллион сомго сувенир сатып алуу ниетинде

Мамлекеттик сатып алуулар порталында Бажы кызматынын камсыздоо борборунан 1,5 миллион сомго сувенир сатып алууга тендер жарыяланган. Алгачкы партиясын 20-октябрга чейин, ал эми калганын 1-декабрга чейин сатып алуу пландаштырылууда.

1,7 миллион сомдук сувенирлерден мэрия да кур калбайт

Сувенирлерди мэрия да сатып алууну пландаштырып жатат. Бирок муниципалитет буга Бажы кызматынан 200 миң сомго көбүрөөк жумшайт. 

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкеке шаарынын мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова
Руководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Бишкеке шаарынын мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова

Мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетованын айтымында, мэрияда эл аралык кызматташуу бөлүмү бар, ал ар кыл эл аралык делегацияларга белек тартуулап турат.

"Быйыл бизге Кытайдын Ухань шаарынан конок келет. Жыл аягына чейин кызматташуу боюнча Токио менен да Меморандумга кол коюуга аракет кылабыз. Делегациялар мэр менен анын орун басарларына белек алып келишет. Биз дагы аларга жооп иретинде бир нерсе ыроолошубуз керек", — деди ал.

Алмамбетова мэрия белекке жумшай турган акча быйылкы жыл менен кийинки жылга пландаштырылганын кошумчалады.

Саат бергилечи… кымбат таштары болсун… Сваровски

АКШ долларлары, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чыгымдар өсүп, салыктар азайды. Кыргызстан кем-карчын эптей алабы?
Социалдык тармактардын пайдалануучуларын жакында эле Бажы кызматы тарабынан жарыяланган тендер бир "дүң" эттирди. Аталган мекеме 648 миң сомго Сваровски таштары чөгөрүлгөн кол саат алат имиш. Мындай бир саат өлкө казынасына 10 800 сомго айланат.

Бажы кызматынын өкүлү Жаманак Мусурканов Sputnik Кыргызстан агенттигине мекеме декабрь айында мааракесин белгилей турганын айтып берди. 

"Сааттар өзгөчө конокторго арналат. 60 саат сатып алынып, анын 40ы — эркектер, ал эми 20сы — айымдар үчүн", — деди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0