БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас төрт автоунааны жөөлөп барып, жол четиндеги түркүктү сүзүп токтогон. Бул тууралуу окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас төрт автоунааны жөөлөп барып, жол четиндеги түркүктү сүзүп токтогон
© Фото / очевидца Антона Середы, отправленное по Whats App-каналу
"Болжол менен саат 18.00дөр чамасында Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде Джип автоунаасы төрт машинаны жөөлөп кетти. Алардын экөө жолдо кетип баратса, калгандары токтоп турган", — деди күбө.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы тууралуу маалыматты тастыктап, анын чоо-жайын кийин билдире турганын айтты.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жок. Тез жардам кызматынан аталган аймактан эч кандай чакыруу болбогонун маалымдашты.
