Мас айдоочунун сазайы берилеби? Депутаттардын демилгеси

© Sputnik / Табылды КадырбековАрак кармап унаа айдап бараткан айдоочунун архивдик сүрөтү
Арак кармап унаа айдап бараткан айдоочунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар мас абалында автоунаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн өмүр бою ажыратууну талкуулашты. Ошондой эле айып пулду жогорулатуу тууралуу да сөз болду. Мындай демилгеге башкалар эмне дейт?

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik, Расул Үсөналиев. Депутаттар мас абалында рулга отурган жаранды беш жылга айдоо укугунан ажыратуу, экинчи жолу кармалса күбөлүгүн биротоло алып коюу маселесин талкуулашты. Мындай демилгени "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Акыркы мезгилде мас айдоочулардын айынан болгон жол кырсыктары, кызуу туруп унаа айдагандар көп катталууда. Эскерте кетсек, 21-сентябрда кечинде Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанынан жол тандабас эки баласы менен турган аялды коюп кеткен. Кырсыктан 23 жаштагы келин каза болуп, артында эки жаштагы жана 8 айлык эки кызы калды. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалында болгону айтылууда.

Акылбек Жапаров: мас айдоочуларды мыйзам менен ооздуктоо керек

Жапаров мыйзам долбоорун кесиптеши Алтынбек Сулайманов менен чогуу даярдап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, мас абалында жол кырсыгына кабылгандардын 80 пайызы адам өлүмү менен аяктап жатат. Андыктан мындай көрүнүштү мыйзамдуу түрдө тескөө керек.

"Эгерде биринчи жолу мас абалында кармалса, беш жылга чейин машина айдоо укугунан ажыратылып, 20 миңден 30 миң сомго чейин айып пул төлөйт. Экинчи жолу кабылса, айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратып, машинасы конфискацияланып, аны соттун чечими менен сатуу сунушталууда", — дейт депутат.

Эл өкүлү учурда мындай тажрыйба Белоруссияда киргизилип, жакшы натыйжаларды берип жатканын кошумчалады. 

"Ал жакта мас айдоочулар кездешпей калды, жол кырсыгынан улам болгон өлүм-житимдер да азайды. Адам баласынын өмүрү баарынан ыйык деп жатпайбызбы, андыктан аларды тескөө үчүн ушундай кадамга барышыбыз керек. Авариялардын статистикасын ала турган болсок, КМШ мамлекеттеринин ичинде алдыга чыктык. Россиядан кийин эле бизбиз", — дейт ал. 

Жапаровдун айтымында, эгерде кармагандан кийин мас айдоочуну коё берип, ал кырсыкка кабылса, аны коё берген милиция кызматкерине биринчи жолу ири суммадагы айып салынат. Ал эми экинчи жолу кайталанса аталган кызматкер милиция органдарында иштөө укугунан ажырайт.

Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторовдун айтымында, быйыл сегиз айдын жыйынтыгы боюнча былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 16,9 пайызга (3667) төмөндөп, каза болгондордун саны 16,6 пайызга (567) азайган. Жаракат алгандардын саны 14 пайызга (5 690) кыскарган.

Ал ошондой эле былтыр сегиз айдын жыйынтыгы боюнча 4418 жол кырсыгы катталып, андан 680 киши каза болуп, 6621 адам жаракат алганын кошумчалады. Андан сырткары, быйыл мас абалында кырсыкка кабылган айдоочулар да азайган.

"Былтыр белгиленген мөөнөт ичинде мас абалында жол кырсыгына 314 айдоочу кабылса, быйыл 257 киши катталды", — дейт Оторов.

Бул маселени Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саатта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да баса белгилеген.

Джип коюп кеткен эне колясканы түртүп ийип балдарын сактап калган. Кан жуткан ата-эне - Sputnik Кыргызстан
Джип коюп кеткен эне колясканы түртүп ийип балдарын сактап калган. Кан жуткан ата-эне
Өкмөт башчы жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдун суммасын көтөрүү демилгеленерин айтып, жакын арада депутаттардын кароосуна жөнөтүлөрүн билдирген. Ал ошондой эле автоунаа айдаганды үйрөткөн мектептердин айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы да катуу көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов 2014-жылы бир топ депутаттар айып пулду жогорулатууну сунуштап, ал мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты. 

"2014-жылы өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырарын айтып, бирок ал бир топ акчаны талап кыларын билдирип бизге кайрылган. Биз ошондуктан "Коопсуз шаар" долбооруна кеткен акча өзүн-өзү актасын деп айып пулду жогорулатканбыз. Азыр ал долбоорду өкмөт ишке ашыра албай жатат", — деди ал.

Бекешов "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирсе, айып пулдун көлөмүн жогорулатса болорун айтат. Учурда өкмөткө соттун чечимин күтпөй эле ишти баштай берүү сунушу берилгенин кошумчалады. Себеби соттун чечими чыккыча, бир топ жыл өтүп кетиши ыктымал.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору учурда соттук териштирүүлөрдөн улам ишке ашпай токтоп турат.

Учурда абал кандай?

Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү КР кодексине 2014-жылы 8-августта киргизилген өзгөртүүгө ылайык мас абалында автоунаа айдагандарга карата жаза күчөтүлүп, айып пул көбөйтүлгөн.

Маршруттук таксидеги жүргүнчүрлөрдүн архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада маршруттук таксилер текшерилет
Анда мас айдоочуга 10 миң сом айып же айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратуу каралган. Эгер мас болгон айдоочу авариялык абал жаратса, ага 20 миң сом айып салынып, айдоочулук күбөлүгүнөн үч жылга ажыратылат. 

Андан тышкары, өтө катуу ылдамдыкта машина айдагандарга карата коюлган айып пул 500 сомдон 2000 сомго чейин жогорулаган. Ошондой эле эгер жарандын ден соолугуна зыян алып келип же автотранспорт жабыркаса да 20 миң сом айып салынып, үч жылга чейин машина айдоо укугунан ажыратылат.

Айдоочулардын пикири

Жарандык активист Болот Ибрагимов айып пулду көбөйтүү менен жол кырсыктарын азайтууга дээрлик мүмкүн эместигин айтат. Ал айып пулдун көбөйүшү менен Кайгуул милициясынын да "ставкасы" көтөрүлөрүн белгилейт.

"Алар жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткондо ишти дароо эле жеринен чечкенге аракет кылышат. Айып пулдун көлөмү көбөйгөн сайын милициялардын "ставкасы" дагы көтөрүлөт. Андыктан айып пулду көтөрүү эч кандай жакшы жыйынтыкка алып келбейт", — деди активист.

Активист жол кырсыгын азайтуу үчүн "башынан баштоо" зарыл дейт.

"Айдоочулук күбөлүк берген окуу жерлерин тыкыр көзөмөлгө алуу кажет. Азыр эч кандай окубай эле айдоочулук күбөлүктү сатып алууга болорун баары эле билсе керек", — дейт Ибрагимов.

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жайкы туристтик сезондо Бишкек — Каракол жолунда 322 жол кырсыгы катталган
Кыргызстандын мотоциклисттери коомунун жетекчиси Аскат Сейитбеков жолдо жүрүү эрежелерин бузгандарды тескөө боюнча демилгенин көтөрүлүп турушу жакшы нерсе экенин айтат. Ал айып пулду көтөрүү, же жазаны катуулатууну киргизүүдөн мурда алардын иштеп кетүү механизмдерин жакшылап ойлонуу керектигин айтат.

"Айып пулду көтөрүүгө каршы эмесмин, көтөрүшсүн. Бирок ушулардын баарын көзөмөлдөө керек. Андыктан айыпты көбөйтүүдөн мурун ишти пара менен бүткөрүү жолдорун азайтуу зарыл", — дейт ал.

Сейитбеков эгер башка мамлекеттердегидей "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирсе, жол кырсыктары менен жол эрежесин бузгандар өзүнөн өзү азаймактыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0