БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы Баш мыйзамга оңдоо киргизүү боюнча корутунду чыгарып берүүсүн өтүнүп Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы билдирди.
Фракция депутаттары жарандын фундаменталдык укуктары, чектөөлөр боюнча корутунду чыгарып берүүнү өтүнүшкөн. Мындан тышкары, фракция тарабынан Конституциялык палатадан референдум боюнча долбоорду кабыл алуу процедурасын бекитип берүү талабы айтылат.
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгени СДПК, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары көтөргөн. Долбоор биринчи окууда парламент тарабынан кабыл алынган.