Үч жыл ичинде 300 жергиликтүү тургундун көзүнө операция жасалган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Үч күндөн бери көлдүктөрдү Кореядан келген көз доктурлар бекер карап жатканын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда дарыгерлер 3-5-октябрь аралыгында элге өз кызматын көрсөтүүдө. Мындай акция Кореядагы бейөкмөт уюм менен кызматташуунун алкагында ишке ашып жатат.
Маалыматка караганда дарыгерлер 3-5-октябрь аралыгында элге өз кызматын көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, үч жыл ичинде 300 жергиликтүү тургундун көзүнө операция жасалган. Уюштуруучулар ушундай эле медициналык жардам Бишкек шаарында дагы көрсөтүлөрүн белгилешти.