БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Эмен сейил багында скульпторлордун республикалык симпозиуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү саат 12:00дө болот.
"Симпозиумда өнөрпөздөрдун эки жылдан берки жасалган кыргыз тарыхында бараандуу орду бар инсандардын айкелдерин тартуулашат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара "Тарых жана маданият" жылына карата уюштурулууда.