Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 4-октябрда өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди. Бишкек менен Ош шаарларында күн жыйырма градустун тегерегинде болот.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда — 18, Талас өрөөнүндө 12 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 22 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында күндүз 13 градус болору күтүлүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0