БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Аргентинанын курама тобу футзал боюнча дүйнө чемпиону атыкканын Р-Спорт агенттиги жазып чыкты.
Турнир Колумбияда өттү. Финалдык оюнда Россия менен аргентиналыктар беттешти. Натыйжада оюн 5:4 эсебинде аяктап, аргентиналыктар жеңишке жетишти.
Россия курама тобу дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюнуна биринчи жолу чыкса, Аргентина алгач ирет чемпион атыкты. Ал эми финалдык оюндун үчүнчү арбитри катары кыргызстандык Нурдин Букуев калыстык кылды.