БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана АИ-92, АИ-80 жана дизелдик май сатып алуу үчүн 7 миллион 764 миң сом сарптоого даяр.
Тендер кечээ жарыяланып, акыркы мөөнөтү 21-октябрь деп белгиленген.