Атамбаев экс-президент Перестин каза болушунан улам Израилге көңүл айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКөрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Шимон Перестин архивдик сүрөт
Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Шимон Перестин архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Израилдин экс-президенти Шимон Перес 93 жаш курагында көз жумган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу Израиль президенти Реувен Ревлинге көңүл айтты.

Эскертсек, Израилдин экс-президенти Шимон Перес 93 жаш курагында каза болгон.

"Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтышы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым", — деп айтылат өлкө башчынын телеграммасында.

Ошондой эле маркумдун туугандарына жана жакындарына, бүткүл израиль элине бул оор жоготууга байланыштуу чын дилимден көңүл айтам, деп жазылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0