Израилдин экс-президенти Шимон Перес дүйнө салды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүИзраилдин экс-президенти Шимон Пересдин архивдик сүрөтү
Израилдин экс-президенти Шимон Пересдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссияда төрөлгөн Перес Израилди түптөгөн муундун акыркыларынан болуп эсептелет. Ал өлкөнүн аскер-өнөр жай комплекси менен өзөктүк программасын негиздеген.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Израилдин экс-президенти Шимон Перес эки жума мурун алган инсульттан өйдө боло албай 93 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмаларга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Бишкектеги КМШ жыйынында Атамбаев президенттерди Каримовду эскерүүгө чакырды - Sputnik Кыргызстан
Үшкүргөн Атамбаев. Бишкектеги КМШ жыйынында президенттер Ислам Каримовду эскерди
Инсульттан кийин Перес комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алып калган. Дарыгерлер алгач анын ден соолугу жакшырып баратканын белгилеп, эсине келтирүүгө аракет кылышкан. Бирок шейшемби күнү абалы кескин начарлап, ошол эле күнү көз жумган. 

Белоруссияда төрөлгөн Перес Израилди түптөгөн муундун акыркыларынан болуп эсептелет. Ал өлкөнүн аскер-өнөр жай комплекси менен өзөктүк программасын негиздеген. Ондон ашык министрликти жетектеп, эки ирет өкмөт башчы болгон. Ал эми 2007-2014-жылдары президенттик кызматты аркалаган. 

Палестина менен тынчтык келишимине кол койгону үчүн Перес ошол кездеги Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин жана Палестина лидери Ясир Арафат менен 1994-жылы Нобель сыйлыгына татыган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0