БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкек травмотология жана ортопедия илим изилдөө борбору медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда заказчы санарип рентген, лабораториялык электрондук тараза, бейтаптарды ташуучу араба жана башка бир катар медициналык керектөөлөрдү сатып алуу үчүн 11 миллион 565 миң 200 сом сарптоого даяр.
Тендер 28-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 20-октябрда аяктайт.