Бишкекте "Камкордук" рейди башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБазарда тачка сүйрөп бараткан баланын архивдик сүрөтү
Базарда тачка сүйрөп бараткан баланын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмдөрдү тескөө Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ишке ашырылып, балдардын кандай шартта жашап жатканы аныкталат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан "Камкордук" аттуу рейд бүгүн башталганын аталган башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда рейд каатчылык турмушка тушуккан балдарды аныктоого багытталган. 

"Иш-чаранын алкагында үй-жайы жок, кайыр сурап мектепке барбай калган жана туугандарынын үйүнө ташталган балдар аныкталат", — деп айтылат маалыматта. 

Өспүрүмдөрдү тескөө Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ишке ашырылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0