БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" өткөрүү пунктунда курулуш иштери башталып, убактылуу жабылып турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен жүрүп жатат.
"Учурда аталган жерде жүргүнчүлөр үчүн жана паспорт көзөмөлүн жүргүзө турган кааналар үчүн эки кабаттуу имарат салынып жатат. Мындан тышкары, унаа каражаттарын текшерүү үчүн калкалоочу жай менен административдик жана кызматтык кабинеттер да каралган", — деп айтылат билдирүүдө.
Чек ара кызматы муну менен бирге тротуарлар түшүп, жөө адамдар баса турган өзүнчө тилке салынууда, жол чийиндери түшүрүлүп, белгилер коюлуп жатат.
Курулуш иштеринин маалында жарандар "Кең-Булуң", "Ак-Жол", "Ак-Тилек" өткөрүү пункттарынан өтүү сунушталат.
Азырынча курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү белгисиз.