БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Голливуд актеру Леонардо Ди Каприо Калифорния штатынын Лос-Анжелес аймагындагы экинчи үйүн сатыкка койду. Бул тууралуу TMZ порталына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Сентябрдын соңунда актер Малибудагы Миллиардерлер пляжында жайгашкан үйүн 10,95 миллион долларга соодалап жатканы белгилүү болгон. Ди Каприо аны 1998-жылы 1,6 миллион долларга сатып алган.
Порталдын айтымында, актер буга чейин да Сан-Фернандо аймагындагы дагы бир үйүн сатууга белсенип, баасын 2,395 миллион доллар деп белгилеген. Анда уктоочу төрт бөлмө менен жуунуучу үч жай жайгашкан. Үйдүн жалпы аянты 316,5 чарчы метрди түзөт.