БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаары боюнча Кайгуул милициясынын жетекчиси Нурдин Насыркулов убактылуу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Насыркулов кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыктан убактылуу иштен бошотулду. Маалыматта эмне себептен улам иликтөө жүрүп жаткандыгы айтылбайт. Анын милдетин Сейит Бейшеналиев аркалоодо.