БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кадамжай районунда Ош — Баткен автоунаа жолунун Халмион айылынын талаасында жүргүнчү ташыган маршрутканын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу аны башкара албай жарды сүзгөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-сентябрда кечки саат сегиздер чамасында болгон.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жүргүнчүлөргө биринчи медициналык жардам кɵрсɵтүшкөн. Маршруттук таксини алар Кадамжай шаарына чейин сүйрɵтүп келишкен. Жүргүнчүлөрдүн оор жаракат алгандары жок.