БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Тазалык" ишканасы тарабынан жер алдындагы өтмөктөр тазаланып жатканын шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүнүн, Чүй проспекти менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги жана Лев Толстойдогу жер алдындагы өтмөктөр иретке келтирилип жатат.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун тазалакты сактоого чакырат.
Белгилей кетсек, калаада 11 жер алдындагы өтмөк бар.