БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эртең, 26-сентябрда Бишкек жана Ош шаарларында күн бүркөк болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте күн 27 градуска чейин ысыса, Ошто 32 градуска көтөрүлөт.
Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.